Эл артисти, «Голос» теледолбоорунун насаатчыларынын бири Александр Градский 72 жаш курагында мээ инфарктынан каза болду.
Бул тууралуу «Известия» кабарлады.
Жума күнү Градский инсультка шектелип, Москвадагы клиникалардын биринин нейрореанимация бөлүмүнө жаткырылган. Анын абалы оор болчу.
Артисттин каза болгону бүгүн саат 02:10 белгилүү болду. Анын сентябрь айында жуккан коронавирустук инфекциясы ден соолугунун начарлашына алып келгени болжолдонууда. Градский бутунун тынымсыз ооруганына нааразы болуп, ордунан турбай калган.
Александр Градский – россиялык ырчы, ырлардын автору, композитор. 1997-жылы Россиянын Эмгек сиңирген артисти наамын алса, эки жылдан кийин РФнын Эл артисти болгон.
Акыркы жылдары композитор «Голос» телеберүүсүнүн насаатчысы болгон.