Кийинки жалган маалыматтарды таратуучу аныкталды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Көк-Жар айылынын тургуну 1970-жылы туулган Татьяна Шагеева Николаевна болгон. Атайын кызматтардын маалыматы боюнча, аял социалдык тармактарда коронавируска шектелген 50 адам Көк-Жар айылынан чыгарылды деп жалган маалымат жазган.
Бул жаранды Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө алып барышып, ал жерде алдын-ала сүйлөшүү жүргүзүп, анын жасаган иштери үчүн өкүнүп, элден кечирим сураган.
Анын иш-аракеттерине укуктук баа берилет.
УКМК коронавирустун дүрбөлөңдүү ушак-айыңдарынын жана жасалма маалыматтардын жайылышына катышкан адамдарды аныктоо, ошондой эле республикада коомдук-саясий жана эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна жол бербөө боюнча тиешелүү ишти улантууда.
УКМК жалган маалыматты тараткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет.
Элчи Руслан Казакбаев Конья шаарына болгон иш сапарынын алкагында түрк компанияларынын өкүлдөрү менен Кыргызстандагы бизнестин…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси…
Маалымат жыйынында Кыргызстандын билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева өлкөнүн билим берүү тармагын модернизациялоо пландары…
Кыргызстандын Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган бейтаптарга…
Кыргызстанда ири өлчөмдөгү дары-дармектерди, кездемелерди жана балык уулоочу шаймандарды «жеке колдонуу үчүн колдонулган» товардын…
Москванын Басманный соту «Крокус Сити Холл» концерттик залында болгон теракт боюнча дагы үч айыпталуучуну…