Коронавирус жөнүндө жалган маалымат тараткан дагы бир аял кармалган

Кийинки жалган маалыматтарды таратуучу аныкталды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Көк-Жар айылынын тургуну 1970-жылы туулган Татьяна Шагеева Николаевна болгон. Атайын кызматтардын маалыматы боюнча, аял социалдык тармактарда коронавируска шектелген 50 адам Көк-Жар айылынан чыгарылды деп жалган маалымат жазган.

Бул жаранды Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө алып барышып, ал жерде алдын-ала сүйлөшүү жүргүзүп, анын жасаган иштери үчүн өкүнүп, элден кечирим сураган.

Анын иш-аракеттерине укуктук баа берилет.

УКМК коронавирустун дүрбөлөңдүү ушак-айыңдарынын жана жасалма маалыматтардын жайылышына катышкан адамдарды аныктоо, ошондой эле республикада коомдук-саясий жана эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна жол бербөө боюнча тиешелүү ишти улантууда.

УКМК жалган маалыматты тараткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет.

Добавить комментарий