КР менен Корея кылмыш-жаза тармагындагы кызматташтыкты күчөттү

Кыргызстан менен Корея Республикасы бир катар эл аралык келишимдерди ратификациялоо грамоталарын алмашуу боюнча Протоколго кол коюшту.

Бул тууралуу КР ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

«КР ТИМде Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров менен Корея Республикасынын КРдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ли Вонджэйдин жолугушуусу өттү», – деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жүрүшүндө, 2018-жылдын ноябрында Корея Республикасынын Квачхон шаарында кол коюлган эл аралык келишимдерди ратификациялоо грамоталарына алмашуу боюнча протоколдорго кол коюу аземи болуп өттү:

  • Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы соттолгондорду өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы өткөрүп берүү келишими;
  • Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам жөнүндө келишим.

Келишимдер биздин өлкөлөрдүн кылмыш-жаза чөйрөсүндөгү кызматташтыгын чыңдоого багытталган. Алардын ратификацияланышы соттолгондорго өздөрүнүн жараны болгон мамлекетинде жазасын өтөөгө мүмкүнчүлүк берет. Келишимдер эки мамлекеттин укук коргоо органдарынын кылмыштуулуктун алдын алууда жана бөгөт коюуда жана тергөө иштерин жүргүзүүдө эффективдүүлүгүн жогорулатууга жардам берери шексиз.

Добавить комментарий