Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 22-жыйыны Бишкекте өтөт

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Эркин Асрандиевдин жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчуктун төрагалыгы астында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында иш-чара өтөт

Шейшемби, 22-сентябрда, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-орус комиссиясынын 22-жыйыны болот, деп билдирди Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Жолугушууну Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук алып барышат.

Буга чейин өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын Бишкекте өткөрүү маселелерин Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Джекшенкулов жана Россия Федерациясынын Тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко талкуулашкан.

Добавить комментарий