Мигранттардын Россияга кайтып келишине байланыштуу өлкөдө сифилис оорусу көбөйүп жатканын РФ Саламаттык сактоо министрлигинин дерматовенерология жана косметология боюнча башкы штаттан тышкаркы адиси Николай Потекаев билдирди, деп маалымдайт РБК.
Потекаев эпидемиологиялык абалды түшүндүрүп, 2021-2022-жылдары COVID-19 кесепеттеринин акырындык менен калыбына келиши менен Россияга миграциялык агымдардын саны, ошондой эле туруктуу калктын медициналык жардамга кайрылуусу кыйла көбөйгөнүн белгиледи.
Коронавирустук пандемия учурунда калк медициналык жардамга азыраак кайрылды, бул адистештирилген кабыл алуулардын жана профилактикалык текшерүүлөрдүн санынын азайышына алып келди.
Статистика көрсөткөндөй, Россияда 2000-жылы 239,4 миң сифилис инфекциясы катталган болсо, 2005-жылга карата бул сан 97,9 миңге чейин кыскарган жана 2020-жылы 15,3 миң учурга чейин төмөндөөнү уланткан. Бирок, андан кийин сифилис менен ооругандардын саны көбөйө баштаган: 2021-жылы 21,1 миң учур, 2022-жылы 27,8 миң учур аныкталган.
Саламаттык сактоо министрлигинин адиси белгилегендей, оорунун өсүшүнө карабастан, Россияда 2000-жылга салыштырмалуу сифилис оорусу жалпысынан 8,6 эсеге азайган.