Алты ай бою өспүрүм кызды зордуктаган: шектүү кармалды

Жабыркаган өспүрүм кыздын апасы кызы жарым жылдан бери сексуалдык зомбулукка кабылганын айтты.

Апасынын айтымында, ал кармалган. Бул тууралуу Чүй ОИИББден билдиришти.

Маалым болгондой, 13-декабрда Новопавловка айылынын 37 жаштагы тургуну А.Ж. милицияга кайрылган. Анда ал 26 жаштагы С.К. 2006-жылы туулган кызын 2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын май айына чейин зордуктаганын билдирген. Аталган факты КР Жазык кодексинин 157-беренеси (16 жашка чыга элек балага сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) менен КЖБРде катталган.

Кыз мыйзамдуу өкүлдүн жана социалдык кызматкерлердин катышуусунда жигит менен Instagramдан таанышып, жарым жыл сүйлөшкөнүн айткан. Бул убакыттын ичинде алар мезгил-мезгили менен жыныстык катнашта болушкан. Ошол эле учурда кыз жигиттин башка кызга үйлөнгөнүн билгенден кийин болгон окуяны апасына айтканын билдирген.

Көп өтпөй С.К. кармалган. Ал жабырлануучу менен Instagram аркылуу таанышып, аны менен маал-маалы менен жыныстык катнашта болуп жүргөнүн тастыктап, бул аракеттер эки тараптын макулдугу менен болгонун белгилеген.

Иш боюнча керектүү экспертизалар дайындалды. Шектүү Сокулук районунун ИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалды. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Добавить комментарий