Кытайлык “Junxin Environment Protection” компаниясы Бишкектеги таштандыларды өрттөш үчүн завод курууга каражат бөлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Учурда долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу жана долбоордук-сметалык документацияларды даярдоо кызуу жүрүп жатат. Заводдун курулушун 2024-жылдын жаз айынын башында баштоо пландалууда. Долбоорду бир жарым жылда бүтүрүү пландалууда.
Эске сала кетсек, 2023-жылдын ноябрь айында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен «Junxin Dai Daoguo» компаниясынын башкы директору таштандыларды өрттөп электр энергиясын өндүрүү долбоорунун алкагында кызматташуу боюнча алкактык келишимге кол коюшкан.
«Junxin Dai Daoguo» – Кытайдагы улуттук жогорку технологиялык ишкана, катуу таштандыларды чыгарууга, муниципалдык саркынды сууларды тазалоого жана башка калдыктардын түрлөрүнө адистешкен.