Кыргызстан: Медицина кызматкерлери мейманканаларда жайгашышты

Коронавирустун жайылышы менен күрөшүп жаткан дарыгерлер мейманканаларда жана конок үйлөрүндө жайгашышты, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Анын айтымында, чечим Республикалык ыкчам штаб тарабынан коопсуздукту жана ден-соолукту коргоону камсыз кылуу, байкоочу посттордо жана мобилдик топтордун курамында иштеген медицина кызматкерлеринин жашоо шарттарын түзүү максатында кабыл алынды.

«Медициналык кызматкерлерди жеке коргонуу шаймандары менен камсыз кылуу, ысык тамак жана транспорт маселелери башкы штаб жана жергиликтүү бийлик тарабынан дайыма көзөмөлдө турат», деп айтылат өкмөттүн маалыматында.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 157 медициналык кызматкерде COVID-19 аныкталды.

Добавить комментарий