Эмгек министри «Келечек» РБдагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 16 баланы Сокулуктагы реабилитациялык борборго которууну тапшырды

Кыргызстандын эмгек министри Гүлнара Баатырова «Келечек» РБнын балдарын Сокулуктагы реабилитациялык борборго убактылуу көчүрүү чечимин кабыл алды.

Учурда «Келечек» борборунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 33 бала стационардык дарыланууда, алардын 17син бүгүн үйгө чыгаруу пландалган. Калган 16 баланы Сокулук реабилитациялык борборунда убактылуу жайгаштыруу үчүн орундарды даярдоо боюнча министрдин буйругу чыкты.

Калган бардык пансионаттар штаттык режимде иштөөсүн улантууда, социалдык мекемелерде жылуулуктун керектүү ченемдери сакталып жатканын Эмгек министрлиги билдирди. Көрүлгөн чаралар убактылуу өзгөрүүлөрдүн шартында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жыргалчылыгын жана жайлуулугун камсыздоого багытталган.

Жылуулук электр борборуна бир гана социалдык объект — «Келечек» реабилитациялык борбору кошулганы белгиленген.

Эске сала кетсек, 2-февралда Бишкек ТЭЦинде авария болгон. Шаардын түштүк райондорунун бир бөлүгү жылуулуксуз, ысык суусуз калды. Президент Садыр Жапаров кырдаалды өз көзөмөлүнө алды. Окуянын кесепетинен беш адам жабыркаган.

Добавить комментарий