КР ИДПсы пандемияга чейинки деңгээлге жетиш үчүн 8,3% жетишсиз болгон

ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө ИДПнын өсүшүнүн жыйынтыгы чыгарылды.

2021-жылы ички дүң продукциянын эң күчтүү өсүшү 2020-жылга карата Россияда жана Арменияда 4,6% белгиленген. Мындай маалыматты Евразиялык экономикалык комиссия билдирди.

Лидерлерден кийин 3,6% өсүш менен Казакстан жана 2,7% Беларус келе жатат. Кыргызстанда 2020-жылга салыштырмалуу 0,1% гана өсүш байкалды.

Ошол эле учурда, 2020-жылы COVID-19 пандемиясынан улам биз катуу кризиске дуушар болуп, 2019-жылдагы ИДПга салыштырмалуу терс көрсөткүчкө жеткенибизди унутпайлы. Ошентип, 2021-жылдагы өсүшкө карабастан, бардыгы эле пандемия деңгээлине чейин ички дүң продукциянын көлөмүнө жетише алган жана андан аша алган эмес.

Ошентип, Беларус эң жогорку өсүштү көрсөттү, 2019-жылы ИДПга карата +2%, Россия – +1,9% жана Казакстан – +1,1%. Армения менен Кыргызстан 2019-жылы ИДПга карата -2,8% жана -8,3% кызыл көрсөткүчтө болушкан.

Добавить комментарий