Жыйынтыгында курал-жаракты мыйзамсыз колдонууга айыпталып, сот залынан бошотулган.

Мексиканын түштүгүндөгү Халапа-де-Диас шаарында Рождество кечесинде белгисиз кишилер имаратка кирип келип, аталган калаанын башчысын кошуп алты кишини атып кетишти.

«Куралчан топ DIF аталышындагы муниципалдык борборуна кирип келип, туугандары жана үй-бүлөсү менен эс алып жүргөн шаар башчысы Артуро Гарсию Веласкести өлтүрүп кетишкен», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми аймактык ЖМКлар прокуратурадагы маалымат булактарына таянуу менен атышуудан алты киши каза тапканын жазышкан. Алардын айтымында, максаттары мэрге кол салуу болгон.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.

Гарсия ушул жылдын октябрь айында башкы прокуратура тарабынан кармалып, кишилерди уурдоого катышкан деп шектелип жаткан. Жыйынтыгында курал-жаракты мыйзамсыз колдонууга айыпталып, сот залынан бошотулган.

Добавить комментарий