Москванын Басманный соту «Крокус Сити Холл» концерттик залында болгон теракт боюнча дагы үч айыпталуучуну камакка алуу чечимин чыгарды. Атасы жана анын эки уулу Исроиловдор 22-майга чейин камакта болот. Соттук отурум жабык эшик артында өттү. Бул тууралуу Vesti.kg сайты билдирди.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, террористтердин бири Аминчон Исломовду уюшкан топко 2024-жылдын январында, Диловар Исломовду ошол эле жылдын март айында тарткан. Бул ишке бир туугандардын атасы Исраил шектелүүдө.
Эскерте кетсек, 22-март күнү кечинде «Пикник» тобунун концерти өтүшү керек болгон «Крокус Сити Холлд» имаратында террористтер атыша баштаган. Кол салгандар зыяратчылардын имараттан чыгышына жол бербөө үчүн автоматтардан ок чыгарып, чыгуучу жерлерди өрттөшкөн. Акыркы маалыматтар боюнча, теракттын кесепетинен 137 адам, анын ичинде үч бала каза болуп, 180ден ашууну жарадар болгон. ФСБнын маалыматы боюнча, буга чейин 11 шектүү кармалган, анын ичинде төртөө кол салууга катышкан.