Өзбекстандын Саламаттык сактоо министринин орун басары Баходир Юсупалиев өлкөдө COVID-19 коронавирус инфекциясынын «британиялык» штаммына жуккан биринчи учур аныкталгандыгын билдирди.
Анын айтымында, 23-январда үй-бүлөсү менен Дубайдан кайтып келген он жаштагы кызда COVID-19 жаңы түрү аныкталды.
«Экспресс ыкмасы менен эл аралык аэропортто тестирлөөдөн өткөндө, тест коронавируска оң натыйжа берди. Андан соң бейтап дароо тез жардам кызматы менен жугуштуу оорулар ооруканасына жеткирилген. Ошол эле күнү ал ооруканада текшерүүдөн өтүп, ага симптомсуз COVID-19 диагнозу коюлган», – деп айтылат билдирүүдө.
Декабрдын ортосунда Улуу Британияда SARS-CoV-2 коронавирусунун жаңы мутациясы табылганы белгилүү болду. Кийинчерээк Улуу Британиянын жаңы пайда болуп жаткан респиратордук вирус коркунучтары боюнча консультативдик кеңеши өлкөдө аныкталган коронавирустун варианты тезирээк жайылып жаткандыгын жана калктан дагы этияттыкты талап кылаарын тастыктады. Вирустун жаңы варианты, алдын-ала божомолдор боюнча, демейдегиден ондогон пайызга көп жугуштуу болушу мүмкүн, бирок өлүм же ооруканага жаткыруу жагынан дагы кооптуу деген эч нерсе жок.