Өзбекстан «Спутник V» вакцина өндүрүшүн баштайт

Жакында Өзбекстан россиялык «Спутник V» вакцинасын чыгара баштайт.

Өндүрүштү уюштуруу үчүн жер буга чейин тандалып алынган, деп билдирди РФ Саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко Ташкентке болгон жумушчу сапарынын учурунда.

«Биз Россиянын Президенти Владимир Путиндин жана Өзбекстандын Президентинин көрсөтмөлөрүнүн алкагында Өзбекстанда «Спутник V» өндүрүшүн локалдаштырууну макулдаштык», – деди Мурашко.

Буга чейин Россия «Спутник Vни» Кыргызстанда өндүрүү мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатканы айтылган. Мындай билдирүүнү Россиянын Президенти Владимир Путин 24-майда кыргыз президенти Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда жасады. “Россия Кыргызстанды тесттик тутумдарды, вируска каршы дары-дармектерди жана вакциналарды берүүдө колдойт жана мындан ары да колдоого ниеттенүүдө. Азыр биздин адистер «Спутник V» профилактикалык агентинин Кыргызстандагы объектилеринин биринде өндүрүштү баштоо мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатышат”, – деп айтылат Россиянын лидеринин расмий сайтында жарыяланган сөзүндө.

Добавить комментарий