Өзбекстан “Спутник V” коронавирусуна каршы вакцина чыгарат

Өзбекстан Россиянын “Спутник V” вирусуна каршы вакцинасын массалык түрдө өндүрө баштайт. Өкмөт айына 2 миллион доза чыгаруу менен баштоону пландап жатат.

Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Өзбекстан орусиялык “Спутник V” коронавирусуна каршы вакцинаны жана кытайлык Anhui Zhifei Longcom Biopharmaceutical компаниясынан алынган дарыны каттады, ал жергиликтүү Jurabek Laboratories ишканасында чыгарылат.

«Jurabek Laboratories чыгарган ZF-UZ-VAC 2001 жана “Спутник V” вакциналарын мамлекеттик каттоодон өткөрүү боюнча Саламатт сактоо министрлигинин жана Фармацевтикалык өнөр жайын өнүктүрүү агенттигинин сунуштары менен макул болуу», – Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнүн токтомунда айтылат.

Буга чейин Jurabek Laboratoriesтин өндүрүш директору Фаррух Лутфуллаев ишкана Россияда дарынын сапатын текшерүүдөн өткөнүн жана ушул жумада Ташкент облусунун Алмалык шаарында вакцинаны массалык түрдө өндүрүүнү баштоо пландалып жатканын айткан. Баштапкы этапта айына “Спутник V” 2 миллионго чейин доза чыгаруу пландалууда.

Добавить комментарий