Өзбекстан окуу жылын 14-сентябрда баштайт

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев 28-августта видео селекторду өткөрүп, анда билим берүү мекемелеринде окуу жылына даярдануу маселеси чечилип жаткан.

Өлкөдө 16-марттан бери биринчи жолу коронавирустук инфекция аныкталгандан кийин мектептерде салттуу билим берүү процесси убактылуу токтотулду. Окуучулар аралыктан окутууга үйлөрүнө которулушкан.

Мамлекет башчысы өкмөткө ата-энелер жана мугалимдер менен кеңешип, элдин пикирин изилдеп, ар тараптуу жана терең ойлонулган чечим иштеп чыгууну тапшырды.

Элге билим берүү министрлиги ата-энелердин пикирин изилдөө үчүн сурамжылоо жүргүздү. Сурамжылоого 5,5 миллион ата-эне катышты, алардын 76 пайызы мектепте окуу процессин салттуу ыкма менен жүргүзүүнү колдошту. Сурамжылоого катышкандардын 24 пайызы сабаетардын телесабак түрүндө алыстан улантылышын жактырышкан.

Эл агартуу министрлигине жаңы окуу жылын 14-сентябрдан баштап, кеңештердин чечимдерин жана ата-энелердин сунуштарын эске алуу менен баштоо, ошондой эле мектептердеги иш-чаралардын схемасын иштеп чыгуу жана сыноо тапшырылды.

Добавить комментарий