WADA уюмунун максаты эмне? Клоунада же британиялыктардын кутуму

Дүйнөлүк антидопинг агенттигинин россиялык спортчуларды 2020-жылы Токиодо өтчү Олимпиада оюндарынан четтетүү боюнча билдирүүсү аз-аздан унуткарылып баратканда айрымдар аталган уюмдун РФ спортчуларына болгон «арзуусунун» себебин териштирүүгө киришти.

Версиялар көп, анын баарына токтолуунун кажети жок. WADA сыяктуу структура түзүүгө Улуу Британиянын жеке кызыкчылыгы тууралуу айтылган божомол да болду. Канчалык күтүүсүз болсо дагы ушундай дагы теория бар. Буга мааниси жок деп кол шилтеп коюуга да болбойт.

Алгач уюмдун президенти Крейг Ридини карап көрөлүчү. Британиялык спорт функционери, Эл аралык олимпиада комитетинин мүчөсү аталган кызматка 2014-жылдын башында келген. Башкача айтканда, Сочи Олимпиадасына бир ай калганда жетекчилик алмашкан. Ким билет, балким жаңы иш ордундагы алгачкы ийгиликтерин ал дал ушул Россияда көрсөткөндүр.

Бул дагы сизди ынандыра албаса, статистикага көңүл буралы.

Добавить комментарий