Владимир Путин Сооронбай Жээнбековду Кремлден тосуп алды

Россия лидери Владимир Путин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Кремлден жолукту. Тараптар тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Россия лидери Владимир Путин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Кремлден жолукту

«Биздин мамилелер бардык тараптан өнүгүп жатат. Россия Кыргызстандын негизги соода-экономикалык өнөктөшү болуп эсептелет. Соода жүгүртүү көлөмү менен инвестиция тууралуу ар дайым сүйлөшө турган сөз бар», — деди Путин.

Россиянын президенти эки өлкөнүн башчылары тез-тез жолугуп жатканын белгилеп, бул нерсе 2020-жылы дагы уланарына ишенерин айтты.

Ал эми Сооронбай Жээнбеков акыркы эки жылда орус-кыргыз кызматташуусу кыйла активдешкенин белгиледи.

«2018-жылы Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келгениңизде бир катар келишимдерге кол коюлган. Бул нерсе бардык жаатта иштин жүрүшүнө өбөлгө түздү», — деди Жээнбеков.

Ал ошондой эле Россия Кыргызстандын ЕАЭБдеги негизги өнөктөшү экенин кошумчалады.

Кечинде Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылынын ачылыш аземи болот. Анда эки президент тең сөз сүйлөйт.

Добавить комментарий