Владимир Путин Шнурга сөгүнбөй сүйлөөнү кайдан үйрөнүү керектигин айтты

Орус музыкант Сергей Шнуров Россия Федерациясынын Президентине суроо берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, сөгүнбөй кантип сүйлөөнү сурады.

Жыл сайын өткөрүлүүчү пресс-конференция учурунда Россиянын Президенти Владимир Путин музыкант жана RTVi телеканалынын башкы продюсери Сергей Шнуровдун суроосуна жооп берди.

Суроо кыйла чагымчыл болуп угулду, кантип орус адам жашоону сүрөттөөдө сөгүнбөй сүйлөй алат? Владимир Путин бул маселеге олуттуу мамиле жасап, музыкантка классикага кайрылууну сунуштады.

«Биздин кинонун классикасына кайрылсак, батарея бутка түшкөндө уят сөз эмес, «редиска» деген сөз колдонулушу керек. Бирок сиз кээде сахнадан жалпы көрүүчүлөргө чейин колдонуп жүргөндөй, азыр колдонбогонуңуз үчүн сизге ыраазычылык билдиргим келет», – деп Путин күлүп койду.

Добавить комментарий