Владимир Путин президент болуп турганда Украина Россия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөйт: Тиешелүү жарлыкка Зеленский кол койду


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/10/speech-77631-1664898146-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Бүгүн Украинанын президенти Владимир Зеленский Путин Россиянын президенти бойдон кала турган болсо, орус тарап менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүдөн баш тарта турганын расмий билдирди.

4-октябрда Украинанын президенти Владимир Зеленский Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин 30-сентябрдагы чечимин күчүнө киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Анда Россиянын азыркы президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү мүмкүн эместиги айтылат. Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин чечими Украинанын аймактарынын Россия тарабынан аннексияланышына жооп катары кабыл алынды.

Украинанын президенти, Жогорку Раданын төрагасы жана премьер-министринин НАТОго кайрылуусунун тексти да жактырылды. Мындан тышкары, документте Радага “Тийиштүү санкциялар жана РФнын эскалациясына башка чара көрүү жөнүндө” мыйзам долбоорлорун кабыл алуу сунушу камтылган.

30-сентябрда Владимир Зеленский Украина НАТОго тездетилген түрдө кирүүгө арыз берип жатканын жарыялады. Ал ошондой эле Владимир Путин президент болуп турганда Украина Россия менен эч кандай сүйлөшүүгө барбай турганын билдирди.

РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Украина менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн өлкөнүн азыркы президенти Владимир Зеленскийдин же анын мураскеринин позициясынын өзгөрүшүн күтүү керектигин айтты.

“Ооба, эми эмне дейм? Биз азыр же азыркы президенттин позициясынын өзгөрүшүн күтөбүз, же украин элинин кызыкчылыгы үчүн позициясын алмаштыра турган Украинанын болочок президентин күтөбүз”, – деди Песков Украинанын президентинин чечимине комментарий берип.

«Жок, сүйлөшүү үчүн эки тарап керек», – деди Песков атайын аскердик операция Киевдин катышуусуз кандайдыр бир документти кабыл алуу менен бүтүшү мүмкүнбү деген суроого жооп берип жатып.

Добавить комментарий