Вильнюста Украинадагы согуш кылмыштарына каршы митингге чыгышты

Литванын баш калаасында Россиянын элчилигинин жанында Украинадагы согуш кылмыштарына: аялдарды зордуктоого жана балдарды кордогонго каршы нааразылык акциясы өттү.

Митингчилер баштарына баштык кийгизип, буттарына жасалма кан сүйкөп, колун аркасынан байлап алышкан. 

Бул мындай нааразылык биринчиси эмес – ушундай эле иш-чара Таллинде бир нече күн мурун уюштурулган. Нааразылык акциясынын уюштуруучуларынын бири Неринга Буткуте белгилегендей, литвалык аялдар эстониялыктардан үлгү алып, чечкиндүүлүктү жана кайраттуулукту көрсөтүүнү чечишти.

Добавить комментарий