ВИДЕО Экинчи таштабачы!.. Энесин 30 жылдан кийин тапкан кыргыз келиндин ыйлаткан видеосу

2019-жылдын ноябрь айында «Пусть говорят» программасы Подмосковьенин токоюнда элден оолак жашаган 51 жаштагы Марина аттуу аял тууралуу көрсөткөн. Аял 1988-жылы Арменияда болгон катуу жер титирөөдөн кийин энесинен айрылып, кийин жакшы жашоо издеп өлкөдөн чыгып кеткенин айтып берген. Берүүдө 25 жылдан бери токойдо иттери менен жашап келгени айтылат.

Латвиянын Бахтияр аттуу жараны 27 жылдан кийин Кыргызстандагы энесин таап, аны менен биринчи жолу көрүштү.

Шоунун биринчи берүүсүндө Маринанын Армениядагы туугандары табылып, ага документ жасалып берилмей болгон. Марина бир нече күндөн кийин эле кайрадан берүүнүн каарманы болуп чыга келди.
Бул сапар аялды Кыргызстандагы туугандары тапкан. Алардын айтымында, 1988-жылы Марина Кыргызстанда жашап, Бахтияр аттуу кишиге турмушка чыккан.

Кыргызстандагы кезинде Марина Азнив деген ысымды алып жүргөн. Кийин Бахтияр менен Азнив баш кошуп Мавлюда аттуу кыздуу болушкан. Бир жылдан кийин Азнив кызын кайненесине таштап кетип калган. Өзүнүн айтымында, жолдошу аны сабай бергендиктен ушундай кадамга барууга аргасыз болгон. Ошондон бери аялды эч ким көргөн эмес. Бахтияр болсо 10 жыл мурда көз жумганы айтылды.

Мавлюда шоуга келгенде Марина-Азнив аны тааныбай койгон.

«Апа, бул мен Мавлюда. Апа, мени эмнеге таштап кеттиң!? Алтыным, бул мен Мавлюда. Эне, эстечи мени. Мен сени жакшы көрөм, апа. Сени канча убактан бери издеп жүрөм», — деп ыйлаган Мавлюда энесине кайрылды.
Алардын туугандык байланышын аныктоо үчүн ДНК тест тапшырылып, жыйынтыгы экөө эне-бала экенин көрсөткөн.

Мавлюда эгер энеси кааласа үйүнө алып кетерин билдирген, бирок Марина-Азнив аны үйүндө неберелери күтүп жатканына карабастан баш тартып койгон.

Добавить комментарий