ВИДЕО «Голос» шоусунда кыргызстандык аткаруучуну Меладзе «куткарып» калды: Видео

Кыргызстандык Нуржигит Субанкулов «Нокауты» раундунан кийин «Голос» долбоорунан четтеп кала жаздады.

Субанкулов Валерий Сюткин жетектеген командада болчу. Раунддун алкагында Нуржигит америкалык ырчы Крис Айзектин «Wicked Game» чыгармасын аткарган.

Команданын курамында калуу үчүн Арсен Мукенди менен Егор Мускат дагы ат салышкан.

https://youtu.be/EXsIdUyf7iI

Калыстар тобу катышуучуларды өз ара талкуулап жатканда, Полина Гагарина кыргызстандык аткаруучуну мактай кетти.

Валерий Сюткин анын командасындагы ар бир катышуучу анын оюндагыдай эмгектенгенин билдирген. Натыйжада музыкант Арсен Мукендини тандап алган.

Шоунун алып баруучусу Дмитрий Нагиев болсо калыстар тобунун калган мүчөлөрүнө кайрылып, катышуучулардын бирин сактап калыша аларын айтты.

 

Нуржигит Сюткинге ыраазычылык билдирип жаткан кезде Константин Меладзе «куткаруу» баскычын басып, аны өзүнүн командасына алып алды.

Нуржигит Субанкулов 32 жашта, ал Бишкекте жашайт. Кесиби боюнча экономист.

Добавить комментарий