Венгрия РФнын Украинадагы аракеттерин айыптады

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Россия менен экономикалык, анын ичинде газ менен камсыздоо жаатында кызматташууну улантууну зарыл деп эсептей турганын билдирди.

Ошол эле учурда ал Венгрия Россиянын Украинадагы аскерий аракеттерин айыптап, бирок жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга ишенерин жана Москва менен экономикалык кызматташууну улантууну маанилүү деп эсептей турганын белгиледи.

Бул тууралуу Mandiner басылмалар тобунун сайтында бейшембиде жарыяланган маегинде айтылган.

«Биз Россиянын чабуулун айыптайбыз, анткени Украинага каршы согуш башталган», — деди Венгрия Өкмөтүнүн башчысы, Будапешт кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүгө чакыргандыгын кошумчалады.

«Ошондуктан биз тынчтык сүйлөшүүлөрүн Будапештте баштоону сунуштадык», — деп эскерет Орбан.

Ал ошондой эле анын өлкөсү Россия менен өз ара пайдалуу кызматташууну, анын ичинде газ менен камсыздоо тармагында мындан ары да күтөөрүн белгиледи.

«Орустар менен энергетикалык кызматташуубузду токтотууну жактаган аргументтер жок», — деп баса белгиледи Венгриянын премьер-министри.

 

Добавить комментарий