Вена: Полиция террористтерди издөөнү улантууда

Вена полициясы борбордук синагогага жакын жерде жети кишинин өмүрүн алган террордук акт уюштурган террористтерди издөөнү улантууда.

Европанын тынч борборлорунун биринде адамдар коопсуздук максатында үйдө отурууга аргасыз болушат.

Австриянын ички иштер министри Карл Нехаммер полиция Венада террористтерди издеп жаткандыгын билдирди.

«Биз уланып жаткан террордук акт менен күрөшүп жатабыз. (…) Жашоочулардан дагы деле көчөгө чыкпоону жана эл көп топтолгон жайлардан алыс болууну суранабыз, биз дагы деле террористтердин артынан түшөбүз», – деди Нехаммер жергиликтүү телеканалда.

«Биз алардын бир канчасы (террористтер – ИФ), алар куралчан жана кооптуу экендигинен келип чыгабыз», – деди ал.

Дүйшөмбү күнү кечинде Венада Шведенплацтын жанындагы борбордук синагоганын жанында атышуу болуп, Австриянын укук коргоо органдарынын кызматкерлери террордук акт катары санашат.

Раввин Шломо Хофмейстер ЖМКларга билдиргендей, белгисиз адамдар кафелер менен барлар жайгашкан көчөдө ок чыгарышкан.

«Бул барлардын бардыгынын көчөлөрүндө үстөлдөр бар. Бүгүн кечинде коронавирустук чектөөлөр күчүнө киргенге чейинки акыркы түн болгон», – деди ал. Австрияда түн ортосунан тарта гастрономиялык мекемелер вирус пандемиясынын кесепетинен иштебей калат.

«Албетте, көп адамдар мүмкүнчүлүктү пайдаланып, сыртка чыгууну каалашты», – деди ал.

Добавить комментарий