Вашингтон Кытайдагы Олимпиаданы бойкоттоону талкуулайт

Вашингтон 2022-жылдын 4-февралынан 20-февралына чейин Кытайда өтүүчү Олимпиада оюндарын бойкоттоо боюнча талкууларды өткөрүүнү пландап жаткандыгын билдирди.

АКШ бойкот идеясын чет өлкөлүк союздаштары жана өнөктөштөрү менен биргеликте көтөрүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу шейшемби күнү АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз кызматынын жетекчиси Нед Прайс кезектеги брифингде билдирди.

«Биз, албетте, муну талкуулоону каалайбыз. Биз, албетте, макулдашылган мамиле биздин [америкалыктардын] кызыкчылыктарына гана эмес, биздин союздаштарыбыз менен өнөктөштөрүбүздүн кызыкчылыктарына да жооп берерин түшүнүп жатабыз», – деп билдирди АКШнын Тышкы саясат ведомствонун өкүлү Вашингтон КЭРдеги Олимпиаданы «биргелешип бойкоттоо» идеясын карап жатабы деген суроого жооп берип жатып.

«Бул азыр да, келечекте дагы күн тартибиндеги маселелердин бири», – деп баса белгиледи Прайс.

XXIV Кышкы Олимпиада Пекинде 2022-жылдын 4-февралынан 20-февралына чейин өтөт. 2015-жылы 31-июлда Куала-Лумпурда өткөн Эл аралык Олимпиада комитетинин сессиясында Кытайдын борбору тандалган.

Добавить комментарий