АКШнын президенти Дональд Трамп жакынкы аралыкта Кытай Эл Республикасына коронавирустун кайдан келип чыккандыгын билүү үчүн адистерди жиберүүгө ниеттенгендигин айтты.
“Биз Кытай менен сүйлөшүп жатабыз. Сапар жөнүндө мурун сүйлөшкөнбүз. Биз барууну каалайбыз”, – деди Ак үйдүн башчысы брифингде.
АКШнын Кытайга жиберген мурунку бардык өтүнүчтөрү Вашингтондун Пекиндин өлкөдөгү вирус жөнүндө маалыматты атайылап жаап жатат деген айыптарына карабастан четке кагылгандыгы кабарланууда.
Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео келечекте аны издеп табууга жана пандемияга күнөөлүү адамдарды жоопко тарта тургандыгын билдирген. Анын айтымында, азыр кылмышкерди издей турган убак эмес, бирок ал коронавирус үчүн бардык жоопкерчилик Кытайдын мойнунда экендигин ачык айтты.