Вашингтон: АКШ жарандарын Украинын аймагында согушпоого чакырды

АКШ бийлиги жарандарды Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерге катышпоого чакырды

Ошентип, Ак үй Харьковго жакын жерде америкалык эки аскер туткунга алынганы тууралуу маалыматка реакция жасады.

Ак үй Украинада согушкан эки америкалык Харковдун жанында туткунга алынганы тууралуу маалыматтан кабардар, бирок андай маалыматтын аныктыгын тастыктай элек. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кеңешинин Ак үйдөгү стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Джон Кирби билдирди, деп маалымдайт РИА Новости.

«Мен бул кабарларды тастыктай албайм, бирок алар тууралуу мага кабарлашты. Биз муну көзөмөлдөө үчүн зарыл болгон нерселердин баарын жасайбыз», – деди ал.

Ошол эле учурда АКШ бийлиги америкалыктарды Украинадагы согушка катышпоого чакырды.

«Биз америкалыктарды Украинага барбоого жана Украинадагы согуштук аракеттерге катышпоого чакырабыз. Бул согуш аймагы», – деди Кирби Украинага колдоо көрсөтүүнүн башка жолдору бар экенин белгилеп.

Добавить комментарий