Автобус көпүрөдөн кулап, 19 киши каза тапты

Россияда Чита — Сретенск автокаттамындагы автобус көпүрөдөн кулап, анын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн ичинен 19 киши каза болду.

Кырсык бүгүн, 1-декабрда, Куэнга көпүрөсүнүн үстүндөгү музга кулап түшкөндүгүн журналисттерге Забайкалье аймагынын губернатору билдирген.

Kia Grandbird үлгүсүндөгү автобус Чита — Сретенск каттамы менен кетип баратып, Сретенск шаарынан 60 чакырым аралыкта жол кырсыгына учураган.

Окуя болгон жерге эки тик учак чыгып, андан сырткары, аталган аймактын губернатору Александр Осипов барды. Факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Буга чейин каза болгондордун саны 15ке жетти деген маалыматтар тараган. Кийин ал өсүп, 19 адам деп билдиришти. Ал эми жаракат алгандардын саны 21 киши экени айтылууда.

Добавить комментарий