Улуу Британия Россиянын мамлекеттик каналдарына каршы санкцияларды киргизди

Улуу Британия мамлекеттик ЖМКларына жана алардын кызматкерлерине каршы жаңы санкцияларды жарыялады.

Улуу Британиянын бийликтери RT мамлекеттик телеканалынын негиздөөчүсүнө, «Россия сегодня» медиахолдингине жана бир нече орус медиаменеджерлерине каршы санкцияларды киргизгени кабарланды. Кошумчалай кетсек, санкциялык тизмеге орус армиясынын генерал-полковниги Михаил Мизинцев да кирген. Бул тууралуу британ өкмөтүнүн сайтында маалымдалды.

Санкциялык тизме 14 позицияга кеңейтилди. Ага РТ түзүмдөрүнөн тышкары «Газпром-Медиа» холдингинин башкы директору Александр Жаров, RT башкы директору Алексей Николов, «Спутник» агенттигинин жетекчиси Антон Анисимов, Стратегиялык маданият фондунун башкы директору Владимир Максименко, ошол эле фонддун директору, кадр кызматкери жана социалдык тармактардын менеджерлери, «Камертон» журналынын башкы редактору Светлана Замлелова жана «Россия» каналынын башкы директорунун орун басары, телеалпаруучу Сергей Брилев кирген. Акыркысында Британиянын жарандыгы бар.

Алардын бардыгынын Британиядагы активдери бар болсо тоңдурулат, аларга өлкөгө кирүүгө тыюу салынат.

Добавить комментарий