Украинанын ТИМ башчысы өлкөнү көбүрөөк курал менен камсыздоого үндөдү

Украинанын Тышкы иштер министрлигинин башчысы үч өлкөнү Украинага мындан да көп курал-жарак берүүгө чакырды.

Украина Веймар үч бурчтугунун мүчөлөрүнөн (Германия, Польша, Франция) Россияга каршы санкциялык басымды күчөтүүнү жана Украинага, анын ичинде аскерий жардамды көбөйтүүнү суранды. Бул тууралуу шейшембиде Украинанын ТИМ башчысы Дмитрий Кулеба билдирди.

Министрдин айтымында, ал Веймар үч бурчтугунун Польша, Франция жана Германиянын тышкы иштер министрлери менен онлайн жолугушуу өткөрүп, анда Россияга каршы санкциялык басымды күчөтүүгө чакырды, ошондой эле «Украинага көбүрөөк курал-жарак, финансылык жана гуманитардык жардам көрсөтүүнү» суранганын Кулеба Твиттерде жазды.

Шейшемби күнү өлкөнүн тышкы саясат вдомствонун башчысы батыштык өнөктөштөр Украинага курал-жарактарды “чексиз агым менен” жөнөтүп жатканын жана жакынкы сааттарда жүктөрдү көбөйтүүгө ниеттенип жатканын билдирген.

Добавить комментарий