Украинанын президенти Россияга каршы санкцияларды күчөтүүгө чакырды

Украинанын президенти Владимир Зеленский Дүйнөлүк экономикалык форумдун катышуучуларын Россияга каршы санкцияларды күчөтүү чечимин кабыл алууга чакырды.

Санкциялар боюнча максималдуу чекке жете элек, деп билдирди Украинанын президенти Давостогу форумдун катышуучуларына видеобайланыш аркылуу кайрылып. Ал Батышты мунай эмбаргосун киргизүүгө жана Россия менен бардык соода байланыштарын үзүүгө чакырды.

Жекшемби күнү башталган жана 26-майга чейин улана турган Давос форумуна дүйнөнүн төрт бурчунан 2000 бизнесмен жана жогорку даражалуу саясатчылар катышат. Алардын арасында Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Ляйен, НАТОнун башчысы Йенс Столтенберг, Германиянын канцлери Олаф Шольц бар. Бул жолу Россиялык делегация чакырылган жок.

Талкуула турган негизги маселе Украинадагы согуш болот. Батыш өлкөлөрү Россияга карата бирдиктүү стратегияны иштеп чыгышы керек.

Экономикалык форумдун негиздөөчүсү Клаус Шваб бул Давос форуму анын жарым кылымдык тарыхындагы “эң маанилүүсү” болот деп ишенет.

Добавить комментарий