Украинанын президенти Россия менен элдешүүнүн негизги шарттарын аныктады

Дүйшөмбү, 7-ноябрда Украинанын президенти Москва менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоонун негизги шарттарын санап чыкты.

Владимир Зеленский кечки кайрылуусунда орус өкмөтү менен сүйлөшүүлөр төмөнкү шарттарда мүмкүн экенин айтты:

  • РФга кошулган аймактарды кайтарып алуу менен Украинанын аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүү;
  • БУУга урматтоо;
  • Бардык жоготуулардын ордун толтуруу;
  • Ар бир согуш кылмышкерин жазалоо;
  • Бул эч качан кайталанбайт деген кепилдик.

Украинанын президенти Зеленский октябрдын башында Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин Россия президенти Владимир Путин турганда сүйлөшүүгө тыюу салуу чечимин ишке ашырган.

Украина бийлиги Россиянын Донецк жана Луганск элдик республикаларын, Запорожье жана Херсон облустарын аннексиялап алганын ушундайча кабыл алды.

Өткөн аптада америкалык басылмалар Вашингтон Киевди сүйлөшүүгө даяр экенин ачык жарыялоого чакырганын жазып чыгышкан. Андан соң Украина президентинин кеңсеси Киев орус аскерлери чыгарылгандан кийин Москва менен сүйлөшүүгө уруксат бергенин кабарлады.

Добавить комментарий