Украинанын эки ири ишкерлери Россия Федерациясынын санкциялар тизмесинен чыгарылды

Украиналык ишкерлер Вадим Новинский жана Андрей Киселев Орусиянын санкциялар тизмесинен чыгарылды. Россия өкмөтүнүн тиешелүү буйругуна 20-апрелде кол коюлуп, укуктук актыларды ачыкка чыгаруу үчүн расмий порталда жарыяланган.

Эки ишкер тең металлургия менен байланышкан – Новинский «Метинвест» холдингинин шериктеш ээси, ал эми Киселев Украинада эң ири сыныктарды чогулткан «УкрМет» компаниясына ээ.

Маалымат үчүн! Жергиликтүү маалымат каражаттарынын айтымында, Вадим Новинскийде коронавирус инфекциясы тастыкталды. Буга чейин ал Украинанын православдык чиркөөсүнүн башчысы, митрополит Онуфрий менен жолугушкан.

Добавить комментарий