Украина Феодосия портунда Кара деңиз флотунун десанттык кемесин жардырды

26-декабрга караган түнү украин аскерлери Феодосия портуна чабуул жасап, Россиянын Кара деңиз флотунун десанттык кемесин жардырып жиберишкен. Крымдын башчысы Сергей Аксенов кол салуу болгонун тастыктап, окуя болгон жерде бардык керектүү кызматтар иштеп жатканын, кырдаал көзөмөлдө экенин кошумчалады.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер-аба күчтөрүнүн командачылыгынын айтымында, украиналык тактикалык авиация Ирандан Крымга “Шахед” чабуулчу учкучсуз учактарын жеткирип жаткан «Новочеркасск» десанттык кемесин жардырган. Бул пилотсуз учактарды Россия Украинага кол салууда колдонгон.

УКК Аскер-аба күчтөрүнүн командачысы генерал-лейтенант Николай Олещук украин учкучтары тапшырманы ийгиликтүү аткарганын белгиледи.

Феодосия портуна жасалган чабуулдан тышкары, Украинанын Аскердик Аба күчтөрү орус аскерлери Одесса, Херсон, Николаев жана Хмельницкий аймактарында учурган 19 учкучсуз учактын 13үн атып түшүргөнүн билдирди.

Добавить комментарий