Уюштуруу комитети Токиодогу Олимпиада оюндарынын датасын жарыялады

Коронавирустук пандемияга байланыштуу кийинкиге калтырылган Олимпиада оюндарынын так датасы жарыяланды. Токиодогу Олимпиада оюндарынын башталышы 2021-жылдын 23-июлунда өтөт, ал эми жабылуу аземи 8-августка пландаштырылууда. Паралимпиадалык оюндардын ачылышы 24-августка белгиленди. Мелдештер 5-сентябрда аяктайт.

Бул тууралуу Жапониядагы маалымат жыйынында Токио-2020 Уюштуруу комитетинин башчысы Есиро Мори билдирди.

Эске салсак, буга чейин оюндар 2020-жылы жайында өтүшү керек болчу. Бирок, коронавирустук инфекция коркунучу болгондуктан, ЭОК иш-чараны кийинки жылга жылдырууга чечим чыгарган. Бул 24-мартта Бах менен Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэнин телефон сүйлөшүүсүнөн кийин белгилүү болду.

 

Добавить комментарий