8-апрелге караган түнү, Кытай бийликтери 76 күндүн ичинде биринчи жолу COVID-19 коронавирустук инфекциянын глобалдык пандемиясынын борбору болгон Уханьдын жолун ачты. Бул тууралуу ТАСС кабарлады. Шаардын кулпусун ачуу боюнча түз эфирди Кытайдын Борбордук телеканалы алып барган.
23-январдан бери Ухан тышкы дүйнөдөн толугу менен ажыратылган.
Азыркы учурда, Кытай кооптуу инфекцияны дээрлик жокко чыгарды: акыркы 24 саат ичинде өлкөдө бир да адам коронавирустан каза тапкан жок.
Уханьдан биринчи поезд Гуанчжоу шаарына, ал эми биринчи учак Хайнаньдагы Санья шаарына жөнөп кетти. 9-апрелден баштап жарандарга шаардан чыгып кетүүгө уруксат берилет.