Трамп: «Менин кооз үйүм курчоодо.» ФБР Трамптын резиденциясына тинтүү жүргүздү

АКШнын Флорида штатында Американын мурдагы президенти Дональд Трамптын Мар-а-Лагонун резиденциясында ФБР кызматкерлери жеке менчикти тинтишти.

«Бул биздин эл үчүн караңгы мезгилдер, анткени менин кооз үйүм, Флорида штатындагы Палм-Бичтеги Мар-А-Лаго учурда курчоодо, ФБР агенттеринин чоң тобу тарабынан рейд жасалып, басып алынган», – деп айтылат Trump Truth Social соцтармакта жарыяланаган билдирүүдө.

«Бул прокурорлордун туура эмес жүрүм-туруму, сот адилеттигин курал катары колдонуу жана 2024-жылы президенттикке талапкер болушумду каалабаган радикал солчул демократтардын чабуулу», – деп кошумчалады ал.

Экс-президент тинтүүлөрдүн себебин атаган жок.

Апрель айында АКШнын Юстиция министрлиги Трамптын 2021-жылдын январь айынан бери туруктуу жашап жаткан Мар-а-Лаго резиденциясына расмий президенттик документтерди алып кеткени боюнча иликтөө баштаганы кабарланган.

Тергөө АКШнын Улуттук архивдер жана документтер башкармалыгы февралда конгресске Ак үйдүн 15 кутучага жакын документтерин, алардын айрымдарында жашыруун материалдар табылганын билдиргенден кийин башталган.

Андан соң Өкүлдөр палатасынын көзөмөл комитети Трамптын аракеттерин иликтөөнү кеңейтип жатканын жарыялап, кошумча маалымат сурады.

Трамп буга чейин айрым документтерди архивге кайтарууга макул болгонун ырастап, муну “кадимки жана күнүмдүк процесс” деп атаган.

CNN телеканалы тинтүү маалында Трамп мүлктө болбогонун, ФБР резиденцияга ордер менен келгенин кабарлады.

Трамп жайды адатта Нью-Джерсидеги Бедминстердеги гольф клубунда өткөрөт, ал эми Палм-Бичтеги резиденция жай айларында жабылат, деп жазат Reuters.

Добавить комментарий