Трамп АКШ Афганистандагы аскерлерин токтоосуздан чыгарып кетерин айтты

«Бүгүн. Бул токтоосуз башталат», — деген Трамп журналисттердин «талибдер менен келишимдин алкагында аскерлерди чыгаруу качан башталат?» деген суроосуна жооп берип жатып.

Талибдер менен тынчтык келишими

Буга чейин АКШ менен афгандык «Талибан»* радикалдык кыймылы Тынчтык келишимине кол койгон. Документте америкалык аскерлерди Афганистандан алып чыгып кетүү жана афган аралык диалогдун башталышы каралган.

Келишимге колду Кошмо Штаттардын Афганистандагы атайын өкүлү менен сүйлөшүүлөрдөгү делегациянын башчысы Залмай Халилзад жана талибдердин саясий лидери Абдул Гани Барадар койгон. Катардагы иш-чарага 30дан ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышкан.

Документтеги божомолго ылайык, Вашингтон 135 күндүн ичинде Афганистандагы аскерлеринин санын 12 миңден 8,6 миңге чейин азайтат. Мындан кийин эгерде «Талибан» зордук-зомбулуктан оолак болсо АКШ 14 айдын ичинде өзүнүн жана НАТОнун күчтөрүн алып чыгып кетүүгө даяр. «Талибан» өз кезегинде афган жерин Кошмо Штаттарга жана башка мамлекеттерге кол салуу үчүн колдонбошу керек.

Мындан тышкары, тараптар «туруктуу жана ар тараптуу элдешүү» боюнча макулдашышкан. «Талибан» менен Афганистан өкмөтүнүн түздөн-түз сүйлөшүүлөрү афган аралык диалогдун алкагында жүргүзүлмөкчү. Ошондой эле «Талибан» мүчөлөрүн БУУнун санкциялык тизмеден чыгаруу үчүн анын Коопсуздук кеңеши менен бирге кызматташат. Бул май айында ишке ашышы күтүлүүдө.

* Экстремисттик уюмдарга Кыргызстанда, Россияда жана башка өлкөлөрдө тыюу салынган.

Добавить комментарий