Террордук “Ислам мамлекетинин” лидери каза болду


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/12/speech-81395-1669865755-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Шаршемби күнү, 30-ноябрда “Ислам мамлекетинин” лидери Абу аль-Хасан аль-Курайшинин каза болгону белгилүү болду.

“Ислам мамлекети” жихадчыл тобу (дүйнө өлкөлөрүндө ал террорист деп таанылган жана тыюу салынган) лидери Абу аль-Хасан аль-Курайшинин өлгөнүн жарыялады.

Уюмдун өкүлү өзүнүн Telegram каналында аль-Курайши ал «Алланын душмандары» деп атаган адамдар менен болгон согушта өлтүрүлгөнүн айтты, бирок башка маалымат берген жок.

ИШИМ өкүлүнүн айтымында, бул топтун жаңы лидери Абу аль Хусейн аль Хусайни аль Кураши болду.

Октябрь айында Евробиримдик “Ислам мамлекети” жана “Аль-Каида” террордук уюмдарына каршы чектөө чараларын келерки жылга, 2023-жылдын 31-октябрына чейин узартканын жарыялаган.

Евробиримдик 2016-жылдын сентябрь айында ИШИМге жана Аль-Каидага каршы чектөө чараларын биринчи жолу колдонгон, андан кийин аларды жыл сайын ырааттуу түрдө карап чыгып, тактоодо.

АКШ президентинин администрациясынын басма сөз катчысы Джон Кирби ДЕАШтын лидеринин өлүмү тууралуу кабарды кубаттады, бирок Вашингтон болгондор тууралуу көбүрөөк маалымат алууга аракет кылып жатканын белгиледи.

Абу аль-Хасан ал-Курайши ИШИМдин лидерлигин ушул жылдын март айында Сириянын түндүк-чыгышында топтун мурдагы лидери өлтүрүлгөндөн кийин алган.

ИМ террордук “халифаты” бир кездерде Ирактын чыгышынан Сириянын батышына чейинки 88 миң чарчы километр аянтты ээлеп турган. Сегиз миллионго жакын адам террористтердин моюнтуругу астында жашаган.

2017 жана 2018-жылдары ИШИМ согуш талаасында алгач Иракта, андан кийин Сирияда жеңилген. Анткен менен бул топ Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз шаарындагы шииттердин мечитин жардыруу сыяктуу чабуулдар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алууну улантууда. Бул жардыруу 50дөй адамдын өмүрүн алып, америкалык аскерлер өлкөдөн чыгарылгандан берки эң ири террордук чабуул болду.

Добавить комментарий