Тажикстанда кытай базасы курулуп жатат

Тажикстанда атайын базаны курууга КЭР тарабынан 100 миллион сомониден ашык каражат жумшалат.

Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунун Вахан капчыгайында болжол менен 100 миллион сомони (55 миллион юань) сарпталган иштер жүрүп жатат. Аны куруу боюнча келишим долбоору 27-октябрда Тажикстандын парламентинде кабыл алынганын «Азия плюс» агенттиги билдирди.

База Тажикстандын ИИМи менен Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлигинин ортосундагы келишимге ылайык курулат.

«Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык келишиминин алкагында Кытай ТБАОнун Ишкашим районунун Вахан капчыгайында Тажикстандын ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын ыкчам тобу үчүн базанын курулушуна гранттык жардам көрсөтөт. Келишимге ылайык, базаны курууда Кытайдан Тажикстанга алынып келинген бардык техникалар салык жана бажы төлөмдөрүнөн бошотулат», – Тажикстандын ИИМ башчысынын биринчи орун басары Абдурахмон Аламшозода депутаттарга макулдашуунун долбоорун сунуштап жатып билдирди.

Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасынын депутаты Толибхон Азимзода журналисттерге берген маегинде база Тажикстан өкмөтүнүн өтүнүчү менен курулуп жатканын белгиледи.

«База жумуш жана башка коммуналдык бөлмөлөрдөн турат. Базаны куруунун баасы 55 миллион кытай юаны (болжол менен 100 миллион сомони)», – деди депутат.

Белгилей кетсек, ТБАОнун Ооганстан менен узун чек арасы бар. Бул өлкө үч айга жакын убакыттан бери талиптердин колунда.

Эске салсак, 2019-жылы америкалык The Washington Post гезити бир нече жылдан бери Кытайдын Тажикстанда чек ара посту бар экенин, бирок эки өлкө тең муну расмий түрдө эч качан тааныбаганын жазган.

Гезиттин материалында «жөнөкөй пост Ооганстандын Вахан постунун жанында жана Мургаб облусунун аймагында жайгашканы» белгиленген. «Вашингтон пост» гезитинин кабарчысы тажик-ооган чек арасын кыдырып жүрүп Мургаб базарында соода кылган кытай жарандары (аскер кызматкерлери) менен жолукканын жазган.

Добавить комментарий