Тажикстан менен чек арадагы бажы пунктун талиптер көзөмөлгө алышты

Ооганстанда, Талибан Тажикстан менен чек арадагы негизги Кундуз аймагын басып алгандан кийин, «Шерхан-Бандар» бажысын жана Тажикстан менен Ооганстандын ортосундагы соода-сатык өтмөгүн көзөмөлгө алган.

Такталбаган маалыматтарда Ооганстандын өкмөттүк күчтөрүнүн айрымдары аларга баш ийгендиги, калгандары Тажикстанда баш калкалагандыгы айтылат.

Тажик тарап бул маселе боюнча расмий комментарий бере элек.

«Шерхан-Бандар» Тажикстан менен Ооганстандын ортосундагы маанилүү соода-транспорттук пункт болуп саналат, ал аркылуу Тажикстан Республикасынын Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азиядан, анын ичинде Пакистан менен Ирандан бажы импорту өтөт.

Бул чек ара заставасы Тажикстандын Хатлон облусунун Пяндж району менен Ооганстандын Кундуз провинциясынын Имам Сахиб районунун чек арасында жайгашкан. Жакында эле Имам Сахиб провинциясын дагы талиптер басып алышты.

Добавить комментарий