25-апрелден тарта Тажикстанда дан эгиндеринин жана дандык буурчактардын бардык түрлөрүн экспорттоого толук тыюу салынды.
Белгиленгендей, мындай чечимди COVID-19 коронавирусун алдын алуу боюнча республикалык штаб кабыл алган. Дүйнөнүн татаал экономикалык жана социалдык абалы, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо жана ички азык-түлүк рыногун керектүү азык-түлүк менен камсыз кылуу максатында экспортко тыюу салынган.
Азыр республикадан буудайды, күрүчтү, жасмык, буурчак, мун буурчак, жумуртка, картошка жана эттин бардык түрлөрүн экспорттоо мүмкүн эмес.
Буга чейин ТР мектептери жана бала бакчалары коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн кезексиз эс алууга жөнөтүлгөнү белгилүү болду. Ошол эле учурда, бүгүнкү күндө өлкөдө бир дагы бейтап катталган эмес.