Талиптер Россиядан жардам күтүүдө

“Талибандын” убактылуу министрлер кабинетинин маалымат жана маданият министринин орун басары Забихулла Муджахид бүгүн берген маегинде Ооганстан Россиядан материалдык жардам күтүп жатканын айтты.

Ал белгилегендей, өлкө акыркы он жылдыкта согуштук аракеттерден чоң зыян тартты.

Ал ошондой эле азыркы Ооганстан дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен кызматташууга умтулат жана аскердик кыйроолордон кийин өлкөнү калыбына келтирүүгө жардам бере турган чет элдик инвестицияларды кубаттайт деди. Анын айтымында, Россия «экономикалык жактан маанилүү өлкө».

Бирок, жаңы өкмөттүн үмүтү эл аралык каржылык жардамга гана эмес, өлкөнүн дипломатиялык таанылышына да байланыштуу. Кантсе да, бул эл аралык обочолонууну токтотуу дегенди билдирет.

Россия өз кезегинде ага карай чечкиндүү кадамдарды жасоого шашкан жок. РФ Президентинин пресс-катчысы Дмитрий Песков 24-сентябрда билдиргендей, азырынча Россия дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү сыяктуу эле позицияны ээлеп жатат: ал талип өкмөтүнүн аракеттерин, атап айтканда, убадалардын аткарылышын көзөмөлдөйт.

Добавить комментарий