Түркия жер титирөө болгон провинцияларда өзгөчө кырдаал жарыялады

Түркияда куткаруу иштеринин тез аткарылышы үчүн керектүү шарттарды камсыз кылуу максатында өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган катуу жер титирөөдөн жабыркаган 10 провинцияда үч айга өзгөчө кырдаал жарыялады. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

 «Операциялардын мүмкүн болушунча тезирээк жүргүзүлүшү үчүн өзгөчө кырдаал жарыялоону чечтик»,-деди Эрдоган.

Анын айтымында, ал үч айга созулат, башкача айтканда, 14-майга белгиленген президенттик жана парламенттик шайлоого аз калганда аяктайт.

Түрк президенти ошондой эле издөө-куткаруу иштерине 70 мамлекет жардам сунуштаганын белгиледи. Түрк бийлиги жер титирөөдөн жабыркагандарды убактылуу жайгаштыруу үчүн Анталиянын туристтик борборунда мейманканаларды ачууну пландап жатат.

Маалым болгондой, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында эки жер титирөө болду: Кахраманмараш провинциясынын Пазарджик аймагында күчү 7,7 баллга жана ошол эле провинциянын Эльбистан аймагында Рихтер шкаласы боюнча 7,6 баллга жеткен.

Өлкөдө жети күндүк аза күтүү жарыяланды.

Куткаруу операциясы

Түркиянын түштүк аймактарында жана Сириянын түндүгүндө дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү болгон жана 7 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган үч күчтүү жер титирөөдөн кийин куткаруу операциясы уланууда.

Куткаруучулар билдиргендей, шейшемби күнү кечинде Түркияда курман болгондордун саны 5434кө жетип, 32 миңден ашууну жарадар болгон. Жер титирөөнүн кесепетинен 6 миңге жакын имарат, анын ичинде көп кабаттуу үйлөр урап калган.

Коңшу Сирияда кеминде 1712 адам каза болгону белгилүү. Сирияда иштеп жаткан “Ак каскачандар” куткаруучулары бул маалыматтар так эмес деп күтүшөт.

Жаңы эсептөөлөр боюнча каза болгондордун жалпы саны 7,200дөн ашты. Жалпысынан ДСУнун эсеби боюнча, жабыркаган аймактарда 23 миллионго жакын адам жашайт.

Добавить комментарий