Түркия: АКШнын Башкы консулдугунун кызматкери эркинен ажыратылды

Түркиянын соту АКШнын Стамбулдагы Башкы консулдугунун кызматкерин Метин Топузду «террористтик топко катышкан» деп күнөөлүү деп таап, сегиз жыл жана тогуз айга камады.

Топуз Түркиянын укук коргоо органдары тарабынан 2017-жылдын октябрь айында кармалган жана андан бери камакта. Ага «Фетхуллах террористтик тобу» (FETO) менен байланышкан жана тыңчылык кылдган деген айып тагылган.

Добавить комментарий