Түндө Парижде Донбасс тагдыры чечилип. «Норманд төрттүгү» саммитин жыйынтыктады

Акыркы үч жылдан бери ошентип «норманд жолугушуусу» өттү. Саммит Владимир Путин менен Владимир Зеленский таанышкан аянтча да болуп калды. Ал 1,5 саатка чукул созулуп, ичинде Россия менен Украина башчыларынын эки тараптуу сүйлөшүүсү да болду. РИА Новостинин төмөнкү материалында саясатчылар Украинадагы абалды жакшыртуу үчүн эмнени сүйлөшкөнү айтылган.

Владимир Путин менен Владимир Зеленскийдин сүйлөшүүсү 1 саат 20 мүнөткө жакын созулду.

«Норманд төрттүгүнүн» президенттери Владимир Путин, Ангела Меркель, Эммануэль Макрон жана Владимир Зеленский Францияда өткөн саммиттин жыйынтыгында коммюнике кабыл алышты.

«Штайнмейр формуласы»
Коммюникеде Украина мыйзамдарын «Штайнмейр формуласы» менен бириктирип, «Норманд форматына» жана Байланышып турган үч тараптуу топко ылайыкташтыруу туурасында айтылган.

«Россия Франциянын аймагынан Европага чабуул койду». Өч алмайбы?
«Штайнмейр формуласы» — Донецк жана Луганск облустарынын бир катар райондорунда өзүн-өзү башкарган жергиликтүү органдын өзгөчө тартибин аныктаган мыйзамдын ишке киришин аныктайт. Ал шайлоо болгон учурда жана дайымкы негизде колдонулушу керек. Бул ЕККУнун шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийинки учуруна туура келет.
Формула макулдашылгандан кийин Украина борборунда жана бир катар шаарларда Киевдин мындай чечимине каршы митингдер өттү. Зеленский жарандардын нааразылык көрсөтүүгө болгон укугун сыйларын айтып, элди анткен менен бир катар саясатчылардын чагымына алданып калбоого чакырды.

Президенттер Үч тараптуу байланыш топторунун Донбасс менен чектешип турган аймактарды бойлой кеткен сызыкка жаңы өткөрүү жайларын 30 күндө ачуу боюнча макулдашуусун колдоду.

Путин «бул аймакта жашаган элдин, миңдеген, жүздөгөн карапайым адамдардын ээн-эркин, ыңгайлуулуктары менен, сааттап кезек күтпөй өткөн көзөмөл-өткөрүү жайларынын ачылышына» көңүл бурган.

«Норманд төрттүгүнүнө» кирген өлкөлөрдүн башчылары Украинанын чыгыш аймагындагы согуш отун өчүрүү маселесинин жыл соңуна чейин чечилишине ыктап тургандыгын билдиришти.

Украина башчысы Владимир Зеленский Парижде жетишилген макулдашуунун аткарылышын аткарууга макул экендигин айтты.

«Тараптар макулдашылган маселелерди аткарууга ыктайт деген үмүт бар. Биз өз тарабыбыздан келишимдерди аткарууга даяр экенибизди айтабыз, бирок бул эки тараптуу кыймыл эмеспи. Бүгүн чечилбей дагы көп маселелер калды. Муну келечекте сөзсүз жасайбыз», — деген ал.
Россиялык чек араны бузган Яны Капу буксири, андан сырткары, Никополь жана Бердянск катерлери Такиль тумшугуна жеткирилди. Дал ушул жерде кемелерди расмий түрдө берүү боюнча сүйлөшүлгөн.

Зеленский, мындан тышкары, Путин менен газ транзити боюнча маселелерди талкуулагандыгын жана бул суроонун башы ачылгандыгын айтты. Транзитти улантуу, анын көлөмү, сордуруп чыгуунун наркы сыяктуу маселелер кеңешчилердин деңгээлинде талкууланат.
Ал Россия газынын транзити боюнча келишим 1-январдан кийин уланышы мүмкүн экендигин айтты. Бул жерде кеп аталган продукциянын 10 жылдык мөөнөткө берилип тура тургандыгы боюнча жүрүүдө. Путин эгерде эки тарап өз ара келишимге жетсе, Украина үчүн Россия газы азыркыга караганда 25 пайызга арзан болушу мүмкүндүгүн билдирди.

Украинадагы орус тили

Путин Москва Украинадагы калктын орус тилдүү бөлүгү демократиялык укуктарын теңдик менен пайдалануусун каалай тургандыгын айтты.

«Украинадагы калктын 38 пайызы өздөрүн орус тилдүү деп эсептешет. Келерки жылга чейин орус тилдүү бардык мектептер украин тилине өтө турганы маалым», — деди Путин.
Минск макулдашуусу
Путин Донбасс боюнча Минск макулдашуусун көчүрүп албаш керектигин, болбосо бардыгын жоготуп алып, эч нерсе жасай албай калган абал түзүлүп каларын айтты.

«Минск макулдашуусун ачып, аны кайрадан көчүрүп алуунун эмне кереги бар? Ал жерде ар бир пункт бири-бирине байланышып турат. Эгерде бир эле пунктун ачсак, калгандарын да көчүрүп алуу башталат, анын кесепетинен баарын жоготобуз да, эч нерсе жасай албай калган кырдаалды түзүп алабыз», — деген ал.

Путиндин BRICS саммитинен кийинки ою
Путин менен Зеленскийдин сүйлөшүүлөрү «норманд форматы» саммитинен кийин болду. ЖМКлардын көңүлү дал ушул жолугушууга бурулду. Президенттер буга чейин бир да ирет жолукпай, телефондон бир нече ирет сүйлөшкөн.
Төрт мамлекет — Россия, Франция, Германия жана Украина лидерлеринин сүйлөшүүсү Штайнмайердин Киев формуласын кабыл алгандан кийин ишке ашты. Ал Луганскийдин Станица районунда, андан сырткары, Золотое жана Петровское поселокторунда күчтөрдү ажыратып кетүү маселесинен кийин болгон.

Аталган өлкөлөрдүн жетекчилеринин биринчи жолугушуусу 2014-жылдын 6-июнунда болуп, кийин «норманддык» деп атала баштаган. «Квартеттин» маанилүү жолугушуусу 2015-жылдын февралында Минск шаарында болуп, анда Минск келишими бекитилген.

Саммиттин иш уланып, кийинки жолугушуу төрт айдан кийин болору айтылды.

Добавить комментарий