Стамбулда католик чиркөөсүндө сыйынуу учурунда куралдуу кол салуу болуп, бир адам каза болду

 

Стамбулда 28-январь жекшемби күнү Сарыер Бүйүкдере районундагы Санта-Мария католик чиркөөсүндө сыйынуу учурунда куралдуу кол салуу болду. Беткапчан эки адам ок чыгарып, натыйжада бир адам каза болгон. Бул окуя жергиликтүү чиркөөчүлөрдүн дүрбөлөңүн жаратты. Көпчүлүгү Стамбулда жашаган италиялыктар экени кабарланууда.

Кол салгандар тууралуу маалымат азырынча ачыктала элек, анын ичинде кол салуу учурунда кол салгандар кандай курал колдонушканы дагы тактала элек.

Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая кол салуу болгонун тастыктап, кылмышкерлерди издөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Кээ бир түрк маалымат каражаттары бир адам каза болуп, бир нече киши жарадар болгонун айтышууда, бирок компетенттүү органдардан расмий маалымат келе элек.

Кол салуунун мотивдери тууралуу суроого өзгөчө көңүл бурулат. Анын террористтик мүнөздө болгон-болбогону азырынча белгисиз. Былтыр декабрда Түркияда христиандардын чиркөөлөрү менен синагогаларында теракт даярдаган деген шек менен 30дан ашуун адам кармалган. Маалым болгондой, кармалгандар “Ислам мамлекети” террордук уюмуна тиешеси бар экени белгилүү.

 

Добавить комментарий