Солгундаган мамиле: АКШ Түркияны санкциялар менен коркутууда

АКШнын эл аралык иштер боюнча сенаты Түркияга каршы санкциялар тууралуу мыйзам долбоорун колдоп берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Мыйзам долбоору күчүнө кирсе, Анкарага Америка куралын сатууга тыюу салынат. Ошондой эле банктарда насыялык чектөөлөр, Түркиянын кызмат адамдарына санкциялар коюлат.

Вашингтон менен Анкаранын мамилеси Түркия Сирияга аскерлерин киргизгенден кийин солгундаган.

«Түркиянын өткөн жылдагы аракеттери чектен чыгып кетти. Бул мыйзам долбоору Түркиянын Россиядан С-400 системасын алганы, Сирияга карата мамилеси туура эмес экенин көрсөтөт», — деди Нью-Жерси штаты боюнча АКШ сенатору Роберт Менендес.
Түндүк агым-2 долбоорунда иштеген жумушчулар. Архивдик сүрөт

Көп өтпөй Анкара бул окуя боюнча өз позициясын билдирди. Өлкөнүн тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун айтымында, эгер АКШ Түркияга каршы санкция кабыл алса, Инджирлик жана Кюреджик базалары боюнча маселе козголот.
Ал эми адистер АКШ үчүн Жакынкы Чыгыштагы негизги базаларын жоготуп алуу сокку болушу ыктымал экенин айтып келет. Ошондой эле АКШлыктардын Түркиядан чыгып кетиши Трамп үчүн геосаясий чоң ката болушу мүмкүн деген пикирлер айтылууда.

Белгилей кетсек, санкциялар тууралуу документти эми Конгресстин эки палатасы карап чыгышы керек. Алар жактырса, президентке кол коюуга жөнөтүлөт.

Добавить комментарий